7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажылыкка каттоо башталды

409

Бүгүн Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Саат 11:00гө карата 3258 киши баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун “Элдин банкка” төлөдү.

Белгиленгендей, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге каттоо жүрүүдө. Жарандар муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Кыргызстанга бөлүнгөн 6 миң квота толору менен банктын филиалдарындагы ажылыкка каттоо токтотулат.

 

 

410