Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) барды.
Мамлекет башчынын борту «Внуково-2» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.