7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тазалыктын» кызматкерлери мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтирген

385

Бишкек шаарынын «Тазалык» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка караганда, ишканада 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз берилгени аныкталган. Келтирилген чыгым 7 миллион 179 миң сомду түздү.

Ишкананын жооптуу кызмат адамдары 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматкерлери менен формалдуу келишимдерди түзүп, күйүүчү-майлоочу майды өздөрүнүн жана башка адамдардын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп келишкен.

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

 

 

386