7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Элдик Курултайды өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасын берди

681

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду, президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевди жана Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө быйылкы жылы өтө турган Элдик Курултайды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.  

Мамлекет башчысынын чечими боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети календардык планды, иш-чаралар планын жана жер-жерлерде жооптуу жетекчилерди окутуу графигин бекиткени белгиленди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө кабыл алынган Жарлыкка ылайык өз убагында тиешелүү сапаттуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

 

 

 

682