Өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу бийик тоолуу аймактарда, ашууларда жол жүрүүчүлөргө, айдоочуларга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сунуштайт:
— унааңызды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз;
— алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
— унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз.
Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышыңыз.