11-13 октябрь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда:
— Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда;
— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп райондорунда;
— Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунда;
— Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас, Талас райондорунда;
— Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул райондорунда;
— Бишкек шааррынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон табигый процесстер жүрчү тилкелерде, айрыкча:
— Бишкек – Ош унаа жолунун 150-246 чакырымында;
— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24 чакырымында:
— Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138 чакырымында.
Өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ бөлүктөрүнө кайрылыңыз же “112” бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз.