7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапар менен Ашхабад шаарына барды

407

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын борту Түркмөнстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен балдар Садыр Жапаровго салам айтып, гүл сунушту.

Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган «Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык форумга катышат.

 

408