7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көңүл бургула! Бишкекте бүгүндөн баштап жылуулук бериле баштайт

347

Бишкек мэриясы жылуулук берүү мезгили башталгандыгына байланыштуу шаар тургундарын төмөндөгүдөй иш-аракеттерди аткаруу зарылдыгына көңүл бурууну суранат:

1. Эгерде сиздин үйдө же батирдеги жылытуу системасында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатса, суу каптоону болтурбоо үчүн төмөнкү көрсөтүлгөн телефон номерлер аркылуу билдирүүнү суранабыз.

2. Жылытуу системасы ишке киргизилгенден кийин, жогорку кабаттардагы батирлерде, жылытуу приборлорунда абаны чыгаруу керек. Эгерде бул жабдуулар иштебесе, аларды алмаштыруу зарыл.

3. Жылуулук радиаторлорун текшериңиз. Жылытуу приборлорунан суу акпаганына ынаныңыз.

4. Жылуулук сыртка чыкпаш үчүн терезе менен эшиктерди жылуулоо сунушталат.

Жылуулук системасы акырындык менен ишке киргизилет, режимди тууралап, иш-аракеттерди макулдаштырып, көп эмгекти талап кылат. Бир аз сабырдуулук көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Акырындык менен бардык үйлөр жылытуу системасына кошулат, үйлөрдүн баарын бир эле учурда кошуу мүмкүн эмес. Жылуулук берүү режими 3 күндүн ичинде туураланат. Жылуулук биринчи кезекте социалдык объектилерге – мектеп, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Ысык суу менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Жылуулук менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар:

  • Керектөөчүлөрдү колдоо борбору:

(0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;

  • Диспетчердик кызмат:

56-85-58;

  • Борбордук райондун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери:

36-57-19, 30-07-67;

  • Түштүк райондун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери:

51-06-22, 21-74-06.

 

348