7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мыйзам бузган айдоочуларга 1,2 млн сомдон ашык айып салынды

293

Баткенде мыйзам бузган айдоочуларга 1,2 млн сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Баткенде 20-22-октябрь күндөрү жүргүнчү жана жүк ташыган 100дөн ашык унаа текшерилди.

Алардын арасынан оор жүк ташыган 16 унаанын айдоочусуна Укук бузуулар кодексинин негизинде айып пулдар салынып, жалпы каражаттын суммасы 580 миң сомду түздү.

Ошондой эле жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 8 айдоочудан 674 миң 240 сом өндүрүлдү.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү бул жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгиледи.

 

 

294