7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайда мекендештер арасында футбол боюнча «Ынтымак кубогу» мелдеш өткөрүлдү

140

Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигинин, Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле БАЭдеги кыргыз диаспорасынын активисттеринин демилгеси менен ушул жылдын 19-октябрында Дубай ш. «Repton School Al Barsha» мектебинин спорттук базасында мекендештер арасында футбол боюнча «Ынтымак кубогу» мелдеш өткөрүлдү.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына арналды.

Турнирдин ачылыш аземин салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын БАЭдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Жумабаев алып барды. Элчи өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, БАЭде жашаган мекендештердин биримдигин чыңдоого кошкон зор салымын билдирди. Элчи өзгөчө белгилегендей, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы кыргыз элинин эркиндикке жана өзгөчөлүккө умтулуусун символдоштурган өлкөнүн тарыхында маанилүү этап болуп саналат. Ал бардык катышуучуларга диаспоранын турмушуна активдүү катышкандыгы жана мелдешти уюштуруу үчүн көмөк көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Дубай ш. Башкы консулунун милдетин аткаруучу М.Турсалиев жана Абу-Даби жана Дубай ш. кыргыз диаспорасынын активисттери да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Катышуучулардын айтымында, бул иш-чара БАЭде жашаган Кыргызстандын жарандарын бириктирүүгө кызмат кылып, маданий жана тилдик мурастарды сактоого салым кошот.

Турнирге 200гө жакын мекендештер жана коноктор катышты. Спорттук мелдешке 8 футбол командасы катышып, иш-чаранын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө ардак грамоталар тапшырылып, бардык катышуучулар үчүн фуршет жана кечки тамак-аш уюштурулуп, катышуучулардын достук атмосферасына жана жылуу маанайына жагымдуу шарттар түзүлдү.

Катышуучулардын демилгеси менен, диаспоралар арасындагы байланышты бекемдеген мелдеш жыл сайын өтүүчү салтка айлануу чечими кабыл алынды.

 

 

141