7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Орусиянын жараны көпүрөдөн кулап каза болду (Видео)

1807

Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз көпүрөдөн кулап түшүп каза болду. Бул тууралуу  облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-март күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында белгисиз жаран бийиктиктен боюн таштап каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине 136-берене «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда Орусиянын 26 жаштагы жараны аталган айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен кулап кетип, окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган. Тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Маркум жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү, бойдок», — деп билдиришти Ош ОИИБинен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1808