7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттер вакцинанын айынан «дүйнөлүк согуш» жарыялашабы?

675

Европа коронавирус илдетине каршы эмдөөгө байланыштуу «дүйнөлүк согуштун жаңы түрүнө» тушукту. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон Евробиримдиктин виртуалдык саммитинин биринчи күнүнөн кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Француз лидеринин айтымында, Европа вакциналарды өндүрүүдө көзкарандысыз болушу керек. Буга Россия менен Кытай мамлекетинин коронавирус илдетине каршы вакцина ойлоп таап, сатыкка коюуусу себеп болгон.

Ал ошондой эле Европа жакынкы айларда коронавируска каршы вакциналардын өндүрүшүн көбөйтүп, эң ири вакцина өндүрүүчүсү болоорун убада кылды. Ошол эле учурда, эгер ал Европа Биримдигине жеткирүү боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, вакциналардын экспорттоого бөгөт коюуну сунуштады.

Ал белгилегендей, Pfizer жана Moderna компаниялары AstraZenecaдан айырмаланып, өз милдеттенмелерин аткарып жатышат.

Европанын Ички базар боюнча комиссары Тьерри Бретон Европага Россиянын «Sputnik V» коронавирусуна каршы вакцинасы кереги жок деп билдирген. Анткени буга чейин Европа Бирлигинин курамында төрт дары жактырылган жана ошол гана жетиштүү деп эсептейт. Буга чейин ал: «Sputnik V» жакшы вакцина, бирок аны өндүрүүгө Европа Биримдиги дагы катышышы керек, Россия бул жаатта жардамга муктаж болушу мүмкүн деп», — айткан.

Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин баса белгилегендей, Москва өзүнүн вакцинасын эч кимге таңуулабайт, бирок, Европа бул вакциананы четке кагып жатса, «алар кимдин кызыкчылыгын колдоп жатышат, жарандардынбы же фармацевтикалык компаниялардынбы?».

«Бизге бир нерсени үйрөтүүгө далалаттанган адамдар бар, демек алар бизге каршы кандайдыр бир санкцияларды колдонуп жатышат», — дейт мамлекет башчы.

Россияда буга чейин коронавируска каршы 3 вакцина катталган. Алардын биринчиси, «Sputnik V» — ал Гамалея борборунда Россиянын түз инвестициялоо фонду (RDIF) менен биргеликте адамдын аденовирус платформасынын негизинде иштелип чыккан. «Sputnik V» вакцинасы жалпы саны 1,4 миллиарддан ашуун адамды түзгөн 52 өлкөдө бекитилген.

Өкмөттүн көзөмөлдөөчү органдары тарабынан кабыл алынган жактыруулардын саны боюнча вакцина дүйнөдө экинчи орунда турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676