7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Нарындагы жаңы күрөш залынын курулушуна капсула салды (ФОТО)

465

Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу күрөш менен машыктыруучу комплекс курулат.

Бүгүн бул комплекстин курулушуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капсула салды. Ал жаштардын спортко болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында, тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Эки кабат болуп салына турчу спорт комплекстин бийиктиги 3,3 метр, узун-туурасы 18-48 метр болот. Биринчи кабатында үч күрөшүү үчүн килемдер, чечинүүчү, жуунучу жай, медициналык бөлмө жана машыгуучу зал жайгашат. Ал эми экинчи кабатында машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Учурда курулуштун долбоору даярдалууда. Комплексти 2025-жылдын сентябрь айына ишке берүү мерчемделүүдө.

Өз кезегинде Ташиев күрөш залынын курулуш иштерин дыкат көзөмөлгө алуу менен, сапаттуу кылып бүткөрүүнү тапшырды.

 

 

 

 

 

 

466