7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө-ашууда кар көчкү түшүп, жол жабылды

363

8-ноябрь күнү Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 09:07 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине №9 ЖТИден 3 техника тартылып, тазалоо жумушун жүргүзүүдө.
Ошондой эле абалды көзөмөлдөө максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан, Жайыл райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынын 2 куткаруучусу чыгып кетти.

Жабыркагандар жок. Учурда кар көчкү түшкөнгө байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.

364