7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто үч аял карыяны алдап, акчасын алган деп шектелүүдө

329

Чүйдүн Токмок шаарында карыяны алдап кеткен деп шектелип үч аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Токмокто үч аял «Кызыл чырым» уюмунда иштейбиз деп алдамчылык жол менен 77 жаштагы карыянын ишеничине кирип, 80 миң сом жана 200 евро акчасын (жалпы 98,5 миң сомдон ашык акча) алып кетишкен. Алданган карыя 14-октябрда милицияга арыз жазган.

Бул факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 43 жаштагв М.Н., 39 жаштагы А.Г. жана 34 жаштагы И.С. аттуу үч аял кармалган. Алар буга чейин бир нече ирет соттолгону белгилүү.

Соттун чечими менен алар тергөө аяктаганча бир айга камакка алынган.

Учурда кармалгандардын башка алдамчылык фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0 3138 6-31-02, 0312 60 73 63, 0701 15 35 12 номерине кабар берүүсүн суранат.

 

330