7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түрмөдө опузалап акча талап кылган соттолуучулар аныкталды

311

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткан адамдар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча каражатын опузалап жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.

Алар шантаж жана коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууну талап кылышкан. Бул факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Опузалап жаткандардын талабы боюнча, тез арада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тиркемелерди жүктөлгөн  телефон эркиндикке чыккан адамдын  атына катталуусу керек болгон. Бул телефондор алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иштерин, пландарды ишке ашыруу максатында жасалышы мүмкүн.    

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында сатып алынган телефондор белгисиз жаранга (кийинчерээк опузалоочулардын биринин тууганы экени аныкталган)  берилген жана ал ИИМдин жана ЖАКтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жеке текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан эки уюлдук телефон табылып алынган.

Опузалап талап кылууга шектелген жарандар оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.  Учурда опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

 

312