Бишкекте 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков стадионунда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт.
Иран курама командасы тайпадагы күчтүү атаандаштарынын бири болуп саналат. Оюн саат 20:00до башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадиондун эшиги саат 18:00дөн баштап ачык болуп, шоу-программа орун алат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.
Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.