7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтынбек Максутов ырчы Бегимай Турусбекованы кабыл алды

281

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов «Пятница» телеканалындагы популярдуу «Царица» вокалдык шоуга катышып жаткан таланттуу ырчы Бегимай Турусбекова менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга ошондой эле телеканалдын тартуу тобунун өкүлдөрү дагы катышты.

А.Максутов Бегимайга эл аралык аренада ийгилик жараткандыгы менен куттуктап, Кыргызстанды таанытып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министр улуттук өнөрдү жайылтуу жана Кыргызстандык жаштарды шыктандыруу үчүн мындай чыгармалардын маанилүү экендигин баса белгиледи.

Бегимай Турусбекова министрликке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорго катышуу тажрыйбасын жана көп сандаган аудиториянын алдында кыргызстандын атын чыгарып жатканынынын маанилүүгүн белгиледи.

Ал эми «Пятница» телеканалынын тартуу тобунун өкүлдөрү министрге жылуу кабыл алып жана долбоорго көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын маданияты көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратарын белгилешти.

282