7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында туристтер үчүн заманбап эс алуу пункту ачылды

450

Ош шаарында туристтер үчүн Rest Point заманбап эс алуу пункту ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Rest Point эс алуу жайында саякатчылар үчүн эс алууга, маалымат алууга бардык шарттар түзүлгөн. Туристтер интерактивдүү дисплейден Ош шаарындагы туристтик жайлар менен тааныша алат.

Каалоочулар бул жерден кофе же чай ичип, эс алышат. Аны менен бирге телефондорду, электр унааларын кубаттоо мүмкүнчүлүгү да бар. Мындан сырткары, майыптыгы бар адамдардын социалдык муктаждыктары үчүн бөлмөлөр каралган. Rest Point жыл бою иштейт. Алар жылуулук, ысык суу жана канализация менен камсыздалган.

Белгилей кетсек, мындай эс алуу пункттары КР Туризмди колдоо жана өнүктүрүү максатында өлкө боюнча жалпы 60 жерге куруу каралган.

451