7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 948 млн.сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

348

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы жалпы аянты 2800 кв.м. жана жанаша аянты 1 гектардан ашык болгон бала бакчанын имаратын менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды.

Бала бакча мурда Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы аталышындагы Электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында турганы аныкталган. Бирок, жогоруда белгиленген балдар бакчасынын комплекси
1993-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык объекттерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен мыйзамсыз менчиктештирилип, «Ж» ААКтын дарегине жеке менчикке өткөрүлүп берилген жана 1999-жылы Б.К. аттуу жаранга сатылган, ал 2009-жылы белекке берүү келишими аркылуу өзүнүн жакын туугандарына кайра жол-жоболоштурган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында балдар бакчасынын имаратынын менчик ээлери бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, болжолдуу наркы 948 млн.сом болгон жанаша аймагы менен жогоруда белгиленген имаратты мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып беришти.

 

349