“Манас” аэропортунун үч тамгалуу FRU коду жакында BSHга өзгөртүлөт. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов билдирди
“Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) менен сүйлөшүүлөр дээрлик аяктады. Бизге келип жаткан бардык авиакомпаниялар кодду алмаштырууга макулдугун берди. Эл аралык аба транспортунун ассоциациясы (IATA) менен дагы сүйлөштүк. Код жакында өзгөртүлөт”, — деди ал.