7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Тышкы миграция жөнүндө” жана “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

339

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен “Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген, аларга ылайык, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет мамлекеттин жаранынын – адисинин жүргөн жери боюнча каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун бекитүү каралган.

Андан тышкары, Мыйзам менен “Санариптик көчмөн” статусун алууга мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандардын категориясы, бул статустун ээсинин укуктары жана милдеттери, бул статусту ыйгаруунун тартиби, ошондой эле “Санариптик көчмөн” статусунун ээсинин жана анын жакын туугандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат деп белгиленген.

340