7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен бирге ишембилик өткөрдү

1000

Бүгүн, 27-мартта президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов дагы катышты.

Ишембиликтин катышуучулары сейил бакка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.

Ошондой эле Садыр Жапаров президенттик аппараттын кызматкерлери менен баарлашып, өлкөдөгү болуп жаткан коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга токтолду.

Ал түрдүү кандай гана деңгээлдеги шайлоолор ал жергиликтүү кеңештердеги же өлкө парламентиндеги шайлоо процесстери болсун, каалаган деңгээлде таза жана ачык шайлоону өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров бийликтин алмашуусуна алып келген эгемендик мезгилиндеги элдик толкундоолордун үчөө тең адилетсиз шайлоого нааразычылыктан улам болгонун эскерди.

Мамлекет башчысы шайлоону калыс жана таза өткөрүү — бул мамлекетте тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги экендигин баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1001