7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде өткөрмө пункттарын айланып өтүп, мандарин ташыгандар кармалды

863

Баткенде өткөрмө пункттарын айланып өтүп, мандарин ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-мартында УКМК тарабынан мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу менен алектенген, Баткен облусунун жергиликтүү тургундары кармалган.

Такталгандай, Лейлек районунунун «Р.С.Р» аттуу тургуну, Мерседес-Бенц автоунаасы менен кошуна өлкөлөрдүн аймагынан ташылып келген котрабандалык жүктү, Кыргыз Республикасынын базарларында өткөрүү үчүн атайын өткөрүү пункттарын айланып өтмөк. Контрабанда продукциясынын жалпы көлөмү 3 тоннадан ашык болгон. Бажы төлөмдөрүнөн качып төлөнбөгөн сумма болжол менен 50 миң сомду түзөт.

Ошондой эле, Баткен облусунун Миң-Булак айылынан котрабандалык жол менен ташылып келе жаткан Баткен облусунун тургуну «Д.Н.М.»башкаруусундагы Mercedes-Benz «Sprinter» автоунаасынан жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн контрабандалык жүк кармалган.

Азыркы учурда кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча «Баткен» бажы органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 250 миң сомго бааланууда.

Кармалган жүк жана транспорт каражаттары тиешелүү коштоочу документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

864