ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мурда маалымдалгандай, Ж.Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкери болгон убагында, бир эле мезгилде ишкердүүлүк менен алектенип, 100 миллион сомго кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны өзүнүн жакын туугандарынын атына каттаганы тууралуу тергөөдө аныкталган.
Мурда тергөө менен кызматташууга даярдыгы жана кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү боюнча, 2021-жылдын 29-мартында шектүү Ж.Атамбаев 50 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.
Шектүү Ж.Атамбаев бүгүнкү күндө кылмыш ишинде 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктайт.