7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коронавирустун күчөшүнө байланыштуу бир катар абакаттамдар токтотулду

726

Эл аралык «Манас» аэропорту эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бир катар эл аралык каттамдарын токтотот. Анда:

  • Бишкек – Воронеж – Бишкек каттамы 3-апрелден 25-апрелге чейин;
  • Бишкек – Грозный – Бишкек каттамы 30-марттан 6-апрелге чейин;
  • Бишкек – Иркутск – Бишкек каттамы 1-апрелден 29-апрелге чейин;
  • Бишкек – Новосибирск – Бишкек каттамы 31-марттан 2-апрелген чейин учпайт.

5-апрелдеги Бишкек – Казань – Бишкек, 2-майдагы Бишкек – Краснодар – Бишкек, 30-апрелдеги Бишкек – Красноярск – Бишкек, 3-апрелдеги Бишкек – Сургут – Бишкек каттамдары токтотулду. Бул аба каттамдарын «Авиа Траффик» компаниясы жүргүзөт.

«China Southern Airlines» компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамын белгисиз мөөнөткө токтотту. Ал эми «Air Astana» компаниясы Алматы – Бишкек – Алматы каттамдарында айрым күндөргө чектөө киргизди.

Буга чейин аэропорт каттамдардын көбөйгөнүн жарыялаган.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал Кыргызстанда, Казакстанда курчуй баштады. Ал эми Алматыда коомдук жайларга барууга чектөөлөр күчөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727