7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулуктагы бала бакчадан 5 жаштагы кыз чарчап калган

368

Сокулуктагы бала бакчада беш жаштагы кыз чарчап калган. Бул туралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдирди.

22-октябрь саат 17:23тө милицияга райондук ооруканадан беш жаштагы кыздын сөөгү жеткирилгендиги боюнча маалымат түшкөн.

«Кыз «Алтын Балалык» бакчасында болгон. Болжол менен 13:00дө ал үшүгөнүн айтып, тарбиячы аны кийимчен жаткырган. Болжол менен 15:30да тарбиячы кызды ойготууга аракет кылганда анын эс-учун жоготконун байкаган. Тез жардам чакырылып, тилекке каршы, медиктер кыздын чарчап калганын тастыкташкан», — деп жазылган маалыматта.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул окуя кыздын энесинин соцтармактарда жасаган кайрылуусунан кийин коомчулукка белгилүү болууда.

369