Бишкек шаарынын аймагында «Кришна аң-сезим коому» же, «Харе Кришна кыймылы» деп аталган сектанын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.
Жергиликтүү сектанын жолдоочулары чет өлкөлүк миссионерди тартуу менен, коммерциялык сессияларды (өзүн-өзү тазалоо, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча психологиялык курстар) жамынып иш-чараларды мезгил-мезгили менен уюштуруп турушкан. Анын жүрүшүндө сунуш жана манипуляция катары психологиялык таасир этүү ыкмалары, ошондой эле жеке («жаппа») жана жамааттык («киртан») түрдө медитация, мантрларды ырдоо жана жашыруун диний ырым-жырымдар активдүү колдонулган.
2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде аталган сектанын мүчөлөрү тарабынан КРнын 300гө жакын жаранынын катышуусу менен конференция уюштурулган (катышуу үчүн билеттер 1000сомдон 3000 сомго чейин сатылган), ошол эле учурда катышуучулардын көпчүлүгү уюштуруучулардын диний сектага катышы жана иш-чаранын диний мүнөзү тууралуу кабардар болгон эмес.
Жыйынтыгында мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштуруучуларга карата айып пул (120 миң сом) салуу менен укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөн.
УКМК жарандарды диний секталарды ишке тартуу тобокелдиктерин жоюу максатында псевдопсихологдордун ар кандай коммерциялык курстарына жана коуч-тренингдерине катышууда кылдат болууга чакырат.