Коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Маалыматка караганда, ал акча бергендерди карьерасынан жогорулатып же кызматка дайындаган.
«25-майда аталган полковник Бишкектин Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан, Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган»,- деп берилет билдирүүдө.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында полковник О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди.