7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдарда 7 күн эс алат

416

Министрлер кабинети 2025-жылга дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Токтомго ылайык төмөнкүдөй кабыл алынды:

1) 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алыш күндөрүн белгилөө жана кийинкиге калтыруу:
– 2025-жылдын 11-январы дем алыш күнүн – 2025-жылдын 2-январы жумуш күнүнө;
– 2025-жылдын 24-февралы дем алыш күнүн – 2025-жылдын 3-январы жумуш күнүнө;
– 2025-жылдын 10-марты дем алыш күнүн – 2025-жылдын 6-январы жумуш күнүнө жылдыруу;

2) 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн катары белгиленсин жана иш күнү 2025-жылдын 1-сентябрына дем алыш күнгө жылдырылсын.

Белгилей кетсек, алдыда “Эмгек кодексин ишке ашыруу жана эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгына байланыштуу майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө министрлер кабинетинин айрым токтомдорун кабыл алуу практикасын жокко чыгаруу пландаштырылууда. Кол коюлган соң, бул токтом күчүн жоготот деп болжолдонууда.

Токтомдун толук тексти менен бул жерден таанышууга болот.

417