7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийчи менен ырчы бири-бирин «жекеме-жекеге» чакырышты

1226

Ырчы, Кудайберди Айтбосунов менен тик-ток жылдызы Бакыт Макеевдин уруша кеткен видеосу социалдык тармактарда тарады. Алардын катышуусундагы тасма аз убакытта интернет колдонуучуларынын талкуусун жаратты.

https://www.instagram.com/tv/CNFF61FgBB5/?utm_source=ig_web_button_share_sheet

 

 

Бул окуя качан жана эмне себептен болгондугун тактоо максатында ырчынын продюсери Лутфилла Бусурманкул уулуна байланышканыбызда буларга токтолду:

«Ал жигит көптөн бери эле Кудайбердиге сенин «каррераңды» токтотом деген сыяктуу сөздөрдү айтып жүргөн. Бирок мен бул сөздөргө анча маани бербей, теңелбе деп койчу элем. Бирок кече телеканалдардын бирине барып, Кудайбердинин каррерасы бүттү деп сүйлөптүр. Деген менен бул кепти мен башында тамаша болсо керек деп ойлогом. Бирок, эфирди кайрадан көрсөк аябай каттуу сүйлөптүр. Ошондон кийин, Кудайбердиге жолугуп чечишип ал деп айтканмын. Андан көп өтпөй Бакыт Кудайберди иштеген кафеге достору менен келиптир. Ал эми эмне болуп чечишкендигин сурасам, жакынкы күндөрү жекеме-жекеге чыгарын айтты»-деп билдирди Бусурманкул уулу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1227