7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду

414

Жайыттардагы суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган.

Мөңгү тоңдуруу иш-аракеттери жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда.

Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңсыктыгы көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы, жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт.

Буга чейин Кадамжайда дагы пилоттук негизде жасалма мөңгү тоңдурулганы жана аны облуска тегиз жайылтуу максатталып жатканы кошумчаланды.

415