7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган көп балалуу үй бүлөгө батир белек кылды

190

Бүгүн, 15-январда Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Нурзат Нуржанованы кабыл алды.

2024-жылдын 23-декабрында Кыргызстандын жараны Нуржанова Нурзат Нуржановнадан жардам сурап кайрылуу келип түшкөн. Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун (жылуу кийим-кече жок), бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.

Маалымдама: Нурзат Нуржанова 1991-жылы 5-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөн. Туруктуу иштеген жери жок, мурда тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операция жасалгандан кийин иштөөсүнө кыйынчылыктар жаралган.

Жолдошу: А.К.Мурзабеков 1990-жылы 13-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет.

Ошондой эле ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар болгондуктан оор физикалык жумуш менен алектене албайт.
Арыз ээси күйөөсү жана 6 баласы менен Бишкек шаарындагы Аламүдүн айылындагы ижарага алынган үйдө жашайт.

Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.

Өз кезегинде Нурзат Нуржанова Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

191