7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында кубаттуулугу саатына 80 куб метр бетон чыгарган завод курулат

332

Нарында саатына 70-80 куб метр бетон аралашмасын чыгара турган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Анын 160 тонна таш майдалоочу кубаттуулугу болот, кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу заводду жеке ишкана курмакчы.

Учурда бетон аралаштыруучу төрт атайын техника келди. Бетон заводу ишке кирген учурда Нарын шаарындагы ипотекалык үйлөрдү дагы бетон аралашмасы менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ишкананын өкүлдөрү президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен болгон жолугушууда заводдун курулуш иштери жазында башталары кошумчалаган.

333