Сабиз жана кант кызылчасын өстүрүү менен чоң киреше алган дыйкандар аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Чүй облусунун тургуну Сулейман Магуев сабиз өстүрүп мол түшүм алып келет. Ал эми Жумабек Наматбеков кант кызылчасын өстүрүп, 1 гектардан 800 центнерден ашуун түшүм жыйнаган.
Эске салсак, 28-29-30-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтөт. Алар тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.