7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызматкерлерге баш ийбей талаага качкан мас айдоочу кармалды

623

Кызматкерлерге баш ийбей талааны көздөй качкан мас айдоочу кармалды.

ЖКККББнын Атайын ротасынын кызматкерлери Көк-Жар айылынан “Subaru Impreza” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Бирок, айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, 7-Апрель көчөсү менен жогору Ала-Тоо совхозуна чейин унаасын токтотпой качкан.

Атайын ротанын ыкчам аракетинин натыйжасында аталган унаа совхоз Ала-Тоонун ээн талаасында кармалып, текшерүү учурунда айдоочу мас абалында экендиги аныкталган.

Айдоочусуна карата баш ийбей качкандыгы үчүн 5500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.

Эми бул айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

624