7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда белгилүү блогер кармалды

360

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондорунда активдүү иш алып барган, «Айка Мусаева» аттуу белгилүү блогер С.А.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Келип түшкөн арыздардын жүрүшүндө, кармалган адам Сузак районунун ишкерлерин жана колунда бар жарандарды социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө амалдары менен 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алуу боюнча 2 факты аныкталды.

Кээ бир учурларда Айка Мусаева аттуу жаран УКМК менен байланышы бардыгын айтып, кызыктар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өз ара пайыздык ченемдерди макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн.

«Айка Мусаеванын» бул кылмыштуу иш-аракети Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, ал дагы кармалган.

Учурда бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул ишке байланыштуу, «Айка Мусаеванын» ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына же 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууну суранат.

361