7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИЗО-1ге акылдуу саатты өткөрүп берүүгө болгон аракетке бөгөт коюлду

282

17-январда Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде (ТИЗО-1) саат 15:40тар чамасында аманаттарды кабыл алуу пунктунда ТИЗО-1дин кызматкерлери тарабынан абактын аймагында тыюу салынган байланыш каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлган.

Аталган мекеменин тамак-аш жана буюм аманаттарын кабыл алуу жайында 2000-жылы туулган С.И. аттуу жаран абактагы Р.Ага тамак-аш жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды берүү учурунда чач алгычтын ичине салынган, “Смарт” үлгүсүндөгү (уюлдук байланыш катары колдонулуучу) кол саат табылып алынган.

Бул факты боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, жыйынтыгында No1 СИЗОго камалган адамга тыюу салынган буюмдарды өткөрүүгө аракет кылган жаран Укук бузуулар кодексинин 446-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылды.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы түзөтүү мекемелерине жана тергөө изоляторлоруна тыюу салынган буюмдарды берүү же өткөрүү аракети кылмыш-жаза жоопкерчилигине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жаза чараларынын негизинде жоопко тартылаарын эскертет.

283