7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөштү

501

Бүгүн, 29-январда, президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки жактуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты. Экономикалык өз ара аракеттенүүнү, атап айтканда соода, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында активдештирүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.

Президент Садыр Жапаров жана Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү региондогу өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

502