7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда интим кызматтарын жарнамалаган сайттарга бөгөт коюлду

394

Ички иштер министрлиги   интим кызматтарын жарнамалаган 20дан ашык интернет сайттын ишине бөгөт койду.  Бул сайттарда интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын сүрөттөрү жана кызмат акысы жарыяланчу. Сайттар ачык болгондуктан,  жашы жете электер дагы оңой эле кирип турган. Мындан улам, сайттардын иши мыйзам ченемдерин бузат, анын ичинде «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» КР мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Интим кызматын жарнамалаган сайттарга кирүүнү чектөө боюнча иштер улантылууда. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүү сайттарын иштеп чыгуучуларга жана ээлерине карата аларды жоопкерчиликке тартуу максатында чаралар көрүлөт.

395