7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарына Isuzu автобустарынын акыркы партиясы келди

355

Бишкек шаарына Isuzu үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустардын акыркы партиясы – 25 бирдик келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан шаарга заманбап, 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алып келинди.

Бул автобустар 24 орундуу, жалпысынан 90 жүргүнчү батат. Ошондой эле аба ырайынын ысык күндөрүндө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн заманбап кондиционерлер менен жабдылган.

Белгилей кетсек, мамлекеттик номерлер алынгандан жана маршруттук схемалар бекитилгенден кийин жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштайт.

356