7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Руслан Акматбек: Баласын таштап кеткен деп биз келиндерди сындайбыз, бирок эркектер дагы күнөөлүү

131

2025-жылдын 26-январынан 1-февралга чейинки окуялар тууралуу жарандык активист Руслан Акматбек менен маек.

– Садыр Жапаровдун президент болгонуна 4 жыл болуп кетиптир, жетишкендиктер да бар, айрым кемчиликтер дагы калууда, бирок Жапаров – президенттик башкаруу учурунда өлкө үчүн жоопкерчиликти бир адам өзүнө алат деп саясий багытты белгиледи. Төрт жыл ичинде эч бир ызы-чуу же эскалация болгон жок жана кандайдыр бир саясий стабилдүүлүк орноду, ошол эле учурда айрым жарандар өз нааразылыгын дагы ачык билдирип келатат, муну дагы чоң жетишкендик десе болот. Толук консолидация боло элек, бирок коомубуз кайсы бир туруктуу нукка түштү. Ошону менен бирге айрым учурларда президенттин айланасындагылар мурдагы бийлик учурундагыдай эле аракеттерин улантууга киришкендей, жоопкерчилик кайра эле президенттик администрация менен минкабдын жетекчилигине өткөндөй жана президенттик башкаруу учурунда өкмөт деген түшүнүк кайрадан пайда болуп жаткандай…

– Алматыдагы саммит учурунда Орусиянын премьер-министри кыргыз министрлер кабинетинин жетекчиси менен жолугуп, Кыргызстан тарапка нааразылык билдирип, орусиялык ишкерлер Кыргызстанда басымга алынып жатат дегенине таң бердим. Кыргызстан баардык орчундуу маселелер боюнча Москваны колдойт, анткени биз стратегиялык өнөктөшпүз, ошол эле учурда Кыргызстандын башка мамлекеттер менен эл аралык уюмдар алдында дагы милдеттенмелери бар эмеспи жана, чындап келгенде, өзүнүн дагы улуттук кызыкчылыктары бар. Ошондуктан, мурдагы советтик мезгилдегидей ой жүгүртүү жана кошуна мамлекеттерге ошол кездегидей мамиле кылуу туура эмес го деп эсептейм.

– Жаңы төрөлгөн наристесин энеси таштандыга ыргытып жиберген окуя баарыбызды шок абалына келтирди, бирок, ойлоп көрсөк, ушул сыяктуу маселелер, алардын келип чыгуу себептери бизде көп изилденбептир. Башка мамлекеттерде деле ушундай факттар болот экен жана анын себептери – социалдык-экономикалык факторлор, коомдогу басым – стигматизация – жана билим деңгээли деп айтылат экен. Кыргызстанда болсо биз эмгиче кабар чыкканда гана ага көңүл буруп келебиз, андай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн алдын ала көрүлгөн чаралар аз. Мындай маселелерди Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги чечиш керек деп ойлобуз, бирок бул – баарыбыз үстүнөн иштей турган маселе, биз баласын таштап кеткен келиндерди гана маселенин себепкери деп эсептейбиз, бирок ага эркектер дагы күнөөлүү экенине көңүл бурбайбыз…

Жуманын негизги окуялары:

– 28-январда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 4 жыл толду, ар башка саясатчылар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү – Кыргызстан бул 4 жылда бир топ экономикалык, коопсуздук жана социалдык ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

– Президент Жапаров 31-январда кабыл алганда, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон – өлкө жүргүзүп жаткан тышкы саясатты мактады.

– Бишкектин вице-мэри Мирланбек Байгончоков 27-январда билдиргенге караганда, шаардагы өндүрүш ишканалары 2024-жылы баасы 89 млрд сомго жеткен өндүрүм чыгарган, 2023-жыл менен салыштырганда, бул 21 миллиардга көп. Бишкектин жалпы кирешеси 37 млрд сом болду жана 17 млрд сом салык төлөндү.

– Президент Жапаров 29-январда – экологиялык жактан таза Кемин-сити шаарын куруу тууралуу жарлыкка кол койду. Анын концепциясы 1-июнга чейин иштелип чыгууга тийиш.

– Бишкек мэриясы 31-январда билдиргенге караганда, Ала-Тоо аянтындагы Манас эстелигинин алдында жер алдында соода борбору курулат.

– Асланайым Ашырова 28-январда кайрадан цирктин директору болуп дайындалды. Ага чейин, 23-январда, Маданият министрлиги – Ашырованын 3 айлык контракты аяктагандыктан, ал кызматынан бошотулганын билдирген.

 

– Министрлер кабинетинин төрагасы Адыл Касымалиев 30-31-январда Алматыда болуп, Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына жана санариптештирүү боюнча Digital Almaty саммитине катышып келди.

– 30-январда Жогорку Кеңеш Азамат Жаманкуловду санариптештирүү министри кылып бекитти, мурда бул кызматта 2023-жылдан бери Нурия Кутнаева иштеген.

– 31-январда Адыл Касымалиев Алматыда Мишустин менен жолукканда, Орусиянын премьер-министри – айрым орусиялык компаниялар Кыргызстанда административдик басымга дуушар болуп жатканына нааразылык билдириптир.

– Ички иштер министри Улан Ниязбеков 29-январдагы коллегияда — дүйнөлүк коопсуздук рейтингинде Кыргызстан 2024-жылы 71-орундан 24үнчүгө көтөрүлгөнү, ал эми кылмыштуулук 69 пайызга кыскарганын билдирди.

– Баш прокуратура 31-январда кабарлаганга караганда, 2024-жылы 7 миң 708 кызматкер жоопко тартылып, анын артынан мамлекетке 23 млрд сом кайтарылды.

– Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков 29-январда Жогорку Кеңеште –Бишкектин биринчи СИЗОсу Ысык-Ата районуна көчүрүлөт деп билдирди.

 

– 28-январда Бишкектеги Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челекте мектеп окуучулары – пакетке оролгон ымыркай кызды таап алды, доктурлар эмгиче анын өмүрүн сактап калуу аракеттерин көрүүдө.

– Өлкө президенти 30-январда кол койгон жарлыкка ылайык, балдар укугун коргогон социалдык кызматкерлер үчүн өлкө боюнча 550 жаңы жумуш орду түзүлмөй болду.

– Жогорку Кеңештеги депутаттыкка «Ата-журт» партиясынан Фархат Тулендыбаев келди. Орун – Жеңиш Токторбаев Оштун мэри болуп 23-январда дайындалгандыктан бошогон.

– Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев 28-январда парламенттик комитетте билдиргенге караганда, комиссия тарабынан «Кыргыз котормо» деген программа иштелип чыкты, аны ар бир мекеме өз сайтына кошуп алып, тексттерди кыргызчадан 10 башка чет тилге жана алардан кыргызчага которо алат.

– Билим берүү министрлиги 31-январда билдиргенге караганда, 2025-2026-жылдагы окуу жылында биринчи класска 2019-жылы туулган балдар кабыл алынат. Мектепке кабыл алуу учурунда эч кандай сынак өткөрүлбөш керек.

– Жалаа жабуу тууралу мыйзамга президент Жапаров 30-январда кол койду, эми жалаа факты аныкталса, жарандар 20 миң, уюмдар 65 миң сом айып пул төлөшү мүмкүн. Жогорку кеңеш бул мыйзамды 19-декабрда кабыл алган.

 

– 29-январда Адыл Касымалиев – Жасалма интеллект боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү.

– Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси жана ага чейин БШКны жетектеген Гүлнара-Клара Самат 28-январда Кыргыз-Орус (Славян) университетинин проректору болуп дайындалды.

– Бишкектин Биринчи май соту 25-январда кабыл алган чечимге ылайык, «Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов жана анын орун басары 3 айга камакка алынды.

– Азиянын күрөш федерациясы апта башында Айсулуу Тыныбекованы 2024-жылдагы Азиянын эң мыкты кыз балбаны деп атады.

– Кыргызстандан барган Азамат Асанов менен Дилбара Иманканова 25-январда Лос-Анджелесте таяк-тартыш боюнча ар ким өз салмагында АКШнын чемпиондору болду.
https://youtu.be/1kA4HEwihX0

 

132