7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдөгү спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды

290

Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

2000-жылы спорт зал райондук билим берүү бөлүмүнүн эсебинде турган кошумча мектептин бир бөлүгү болгон. Бул мектеп жабылгандан кийин жооптуу адамдар жеке кызыкчылыгын көздөп, социалдык инфраструктуралык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган мыйзамдарын бузуп, аталган объектини жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Натыйжада менчик ээси мүлккө мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен Кеминдеги Кичи-Кемин айыл аймагынын балансына 1500 м2 жана чектеш 2 га аянты менен объектти өткөрүп берди.

291