7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте үч күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт

346

Бишкекте 7-8-9-март күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Максаты — ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт. Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.

347