7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орозо кармоонун эрежелерин билип алыңыз

146
Орозо – бул мусулмандардын Рамазан айында аткара турган ибадаттарынын бири. Бул айда орозо туткан мусулман сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү жана тазалыкты бекемдейт. Жакшылык иштерди көбөйтүп, кайрымдуулук кылууга басым жасайт.
Орозо кармоонун эрежелери бар, алар: 

— Көпчүлүк адамдар орозо кармаганда шилекейин жутуп алса орозо бузулбайбы деп сурашат. Шилекейди жутуу орозону бузбайт. Бирок, атайылап оозго көп топтоп туруп жутуу максаттуу иш болгондуктан, муну кылбоо сунушталат.

— Тиш тазалоого уруксат берилет. Тиш пастасын колдонсо болот, бирок аны жутуп жиберүүдөн этият болуу керек. Оозду чайкоого уруксат берилет, мында да сууну жутуп жибербөө керек. Орозо учурунда тиш доктурга барса болот. Бирок дары же суу жутуп албоо маанилүү.

— Кээде уктап калып, өз убагында ооз бекитпей калган учурлар болот. Таң атканын билбей калып тамактанып алса, орозосу жарактуу эмес болуп калат. Бирок ниет кылган болсо, калган убакытта тамактануудан баш тартып, орозосун улантып, кийин ошол күндү каза кылышы керек. Ошондуктан ооз жабуу жана ачуу белгиленген убакытта аткарылышы керек. Эрте ооз жабуу да, кечирээк ооз ачуу да максаттуу түрдө болбошу керек. Эгер адам унутуп тамак жеп же суу ичип алса, орозосу бузулбайт. Бирок эстегенде дароо токтотушу керек. Тамеки тартуу да орозону бузат.

— Ооруп калып, айыкканда орозо кармашы керекпи деген да суроолор жаралат. Эгер адам ооруп калса жана орозо кармоого кудурети жетпесе, айыккан соң каза орозолорун толуктап кармап берет.

— Жол жүргөн кишиге орозосун ачууга уруксат берилет. Бирок орозо кармай алса, улантса жакшы. Эгер ачып койсо, кийин каза кылат.

— Бала эмизген эне өзү же баласы үчүн коркунуч жаралса, орозону кармабаса болот. Кийин ошол күндөрдү каза кылат. Кош бойлуулар тууралуу айтсак, өзүнө жана баласына зыян келтирбесе орозо кармаса болот. Болбосо, кийин каза кылып берет.

— Орозону катуу ооруп жаткан адамдарга, карыган жана орозо кармоого күчү жетпегендерге болбойт. Алар битир-садага беришет.

— Орозо убагында сууга түшүүгө болот, бирок сууга чумкуганда кулакка, мурундун ичине же оозго суу кирип кетпеши үчүн этияттык талап кылынат.

— Орозо кармап жаткан учурда эгер адам өз эрки менен куса турган болсо, орозосу бузулат. Ал эми кокусунан кусуп жиберсе, орозо бузулбайт.

— Рамазан айында ар кандай себептер менен адамдар оозун ачууга туура келет. Мындан улам калган орозолорду кийинки Рамазан келгенге чейин каалаган убакта каза кылса болот. Бирок кечиктирбестен мүмкүн болушунча эртерээк аткарган жакшы. Рамазандан тышкары да нафил (кошумча) орозолор кармалат. Айрыкча дүйшөмбү, бейшемби күндөрү, Айттан кийинки 6 күн, арафа күнү жана ашура күнү орозо кармоо сүннөт болуп саналат.

— Орозо учурунда укол алып же анализ тапшырса орозо бузулуп калбайбы деген да суроолор көп берилет. Витаминдик же азыктык заттарды камтыган уколдор орозону бузат, ал эми дарылоо максатындагы уколдор бузбайт. Кан анализин тапшырса, да орозо бузулбайт. Орозо кармагандар күндүз дары ичсе орозону бузат. Түнкүсүн ичүү керек же ооруп жатса, кийин каза кылат.

— Орозо кармаган, кармабаган адам да ооз ачыруу кылса, чоң сооп жазылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-мартта Рамазан айы башталды. Ал эми, Кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет.
147