7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салыкчы компаниянын 213 млн сомдук мамлекеттик карызын кечип койгон

353

Мамлекеттик салык кызматынын Айтматов району боюнча башкармалыгынын киреше бөлүмүнүн башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ал «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, жогоруда аталган компанияга мамлекетке салык карызы жок экендиги тууралуу маалыматтык катты мыйзамсыз берип, анын банкрот деп табылышына өбөлгө түзгөн. Жалган маалымкат берүүнүн изин жашыруу максатында МСКБнын маалымат базасына «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКнын мамлекетке 213 млн 134 миң 589 сом карызы тууралуу маалыматты киргизген.

Натыйжада «Глобал Корумтор Майнинг» ЖЧКсы банкрот деп табылып, мамлекеттин кирешесине 213 млн 134 миң 589 сом өлчөмүндө милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн мыйзамсыз бошотулган.

Учурда тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

354