7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызстан менен Тажикстан эли коңшулук ынтымакты бекемдеп, эриш-аркак жашаш керек»

350

Кыргызстан менен Тажикстан эли коңшулук ынтымакты бекемдеп, эриш-аркак жашаш керек. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан президентинин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келгенде мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты ийри отуруп, түз талкуулашы алаканы бекемдөөгө шарт түзөт.

“Эки президенттин саясий эрки менен чечилген чек ара маселеси коңшу турган эки мамлекеттин ортосундагы достукту, ынак коңшулук мамилесин далилдеп турат. Мындан ары ынтымак, биримдиктин болушу маанилүү. Кыргызстан менен Тажикстан эли ынтымакты бекемдеп, эриш-аркак жашаш керек. Менин оюмча, Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапар менен биздин өлкөгө келиши бардык тармактарда кызматташууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Азыр экономикалык байланыштар кайра жанданып, маданий-гуманитардык алакалар боюнча карым-катыш уланат деп баамдап турам”, — деди ал.

351