7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-кытай достук көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

328

Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 12-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген макулдашуу менен Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунда жайгашкан Эркештам чек ара пунктунда узундугу 187 метр болгон көпүрө куруу каралган. Көпүрөнү кытай тарап курат, курулуш аяктагандан кийин Кыргызстандын аймагында аткарылган бардык иштер кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Макулдашууну ратификациялоо Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга болгон суроо-талапты канааттандыруу, ошондой эле теңдик принциптеринин жана макулдашылган консультациялардын негизинде достук кызматташтыкты жана алмашууларды чыңдоо үчүн шарттарды түзөт.

 

329