7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик администрация заманбап конгресс-холлдун курулушун көрсөттү

600

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 18-мартта борбор калаада курулуп жаткан жаңы курулуштардын иши менен таанышты. Борбордогу заманбап конгресс-холлдун жана 8 конок үйүнүн курулушун көрүп чыкты.

Каныбек Туманбаев курулуш боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

“Мурда 99 жылга ижарага берилген жердин ордуна азыр заманбап конгресс-холлдун курулушу башталды. Бул жер ижарага берилгенден кийинки 24 жылдын ичинде келишимде белгиленген бир да иш аткарылган эмес. Тескерисинче, бул жердеги курулуштар пайдаланууга жараксыз болуп, уроо коркунучуна жеткен. Ошондой эле, эч кандай ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес. Мындай жагдайда бул аймактын кайрадан жаңыланып, колдонууга берилиши абдан маанилүү.”

Алсак, жаңы курулуп жаткан конгресс холлдун айланасында атайын эс алуу аянтчалары, аллеялар жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу шарттар түзүлөт. Бул жер фестивалдарды, концерттерди жана башка маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

Жалпысынан алганда, курулуштун жүрүшү өлкөдөгү инфраструктуранын заманбап талаптарына жооп берип, борбор калаанын жаңылануусундагы маанилүү кадам болот”-деди.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

601