Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутат Султанбек Айжигитов “Ыйман-Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу билдирүү жасады. Ал фракция лидери Динара Ашимованы “кызмат абалын пайдаланды” деп айыптап, бул чечимди жокко чыгарууну талап кылды.
“Менин талабым – биринчиден, фракциянын мыйзамсыз чечимин жокко чыгаруу. Экинчиден, Ашимова Айжигитовдон коомчулук алдында кечирим сурашы керек. Үчүнчүдөн, Ашимова фракция лидерлигин өз ыктыяры менен тапшырсын. Бул талапты эл дагы коет деп ойлойм. Эгерде булар аткарылбаса, анда Башкы прокуратура аркылуу тиешелүү жыйынтыктар менен ишке ашырылат”, — деди Айжигитов.
Парламенттин 5-марттагы жыйынында Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишиминин долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, өз позициясын билдирген. Ал Төрт-Көчөнүн нейтралдуу аймак катары калтырылганын, Достук айылынын тажик тарапка берилгенин жана башкаларды айыптаган.
Ошол эле күнү эл өкүлү “Ыйман-Нурунан” чыгарылган. Фракциянын лидери Динара Ашимова муну Султанбай Айжигитов алар менен кеңешпей туруп билдирүү жасаганы менен түшүндүргөн.